Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 ноябрь

Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн

Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин администрациясы 13-ноябрда тараткан билдирүүдө айтылат. 

Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык көбөйгөн.

Бул мезгил аралыгында райондо мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана спорттук объектилерди камтыган 128 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да олуттуу иштер жүргүзүлүп, 193,5 чакырым жол асфальтталган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.