Кыргызстанда түйүлдүктөгү тубаса кемтиктерди эрте аныктай турган программа ишке кирет
Кыргызстанда 2027-жылдан тартып бала жана эненин ден соолугун коргоо максатында “Үмүт” программасы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда пилоттук негизде ишке ашырыла баштайт. Анын негизинде кош бойлуу аялдар пренаталдык скринингден өткөрүлөт жана бул процедура тобокелдиги жогору кош бойлуу аялдарды эрте күндө аныктоого жардам берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы педиатры, медицина илимдеринин кандидаты Гулнара Жумагулова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
“Бул программа саламаттыкты сактоо системасындагы эң чоң кадамдардын бири”, - деди ал.
Айтымында, скринингдин негизинде тобокелдүү болгон белгилерди өз убагында аныктоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
“Бул программаны ишке киргизүүдөгү себеп – акыркы учурда жогорку тобокелдеги кош бойлуу аялдардын, майып төрөлгөн балдардын көбөйүп жатышы жана ымыркайлар арасындагы өлүмдүн азайбай жатканы. Пренаталдык скрининг – бул акыркы диагноз эмес. Бул процедурадан бардык кош бойлуу аялдар өткөрүлөт, ал жактан кандайдыр бир күмөн саноо пайда болсо, аялды андан аркы изилдөөгө жөнөтөбүз. Бул процедура аркылуу түйүлдүктүн өсүүсүн, тубаса кемтиктерди өз убагында аныктай алабыз. Андан ары кош бойлуу аял башка изилдөөлөрдөн, жогорку квалификациялуу адистердин кароосунан өтөт дагы, кайсы бир диагноз коюлат. Ошондо гана кош бойлуулукту андан ары улантыш керекпи же жокпу - аныкталат”, - деди ал.
Гульнара Жумагулова белгилегендей, пренаталдык скрининг кош бойлуу аялдарга биринчи жолу түйүлдүктүн 11-12 жумасында жасалат.
Андан кийинки изилдөө 18-20 жумалыгында болот.
