Бишкекте BITEVOLUTION каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды
Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ
13 ноябрь

Бишкекте BITEVOLUTION каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды

Бишкекте каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды, деп билдирет Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Биринчи май РИИБге жарандар арыз менен кайрылып, «BITEVOLUTION» компаниясынын уюштуруучуларына карата чара көрүүнү суранышкан. Аталган компаниянын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бар экендигин билдиришкен.

Арыз ээлеринин айтымында, компаниянын уюштуруучулары жарандардын ишенимине кирип, салынган акчаны эки эселеп кайтарып берүү жана жогорку киреше алуу убадасы менен алардын акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан соң өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Финансылык пирамидаларды уюштуруу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө аракеттеринин жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында ушул эле башкармалыутын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишинин негизги фигуранты 1964-жылы туулган К.Г.Э. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Кармалган жаран Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Милиция кызматкерлери аталган ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Милиция аталган ишмердүүлүктүн натыйжасында жабыр тарткандар же тергөөгө маанилүү болгон кошумча маалыматка ээ болгондорду, +996 505 131 113 телефон номери же Бишкек шаарынын ИИББнын 102 номуру аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Тергөө иштери уланууда.