Адис: Аутизм вакцинадан улам болот деген түшүнүк – жаңылыштык, ал баланын тубаса абалы
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 ноябрь

Адис: Аутизм вакцинадан улам болот деген түшүнүк – жаңылыштык, ал баланын тубаса абалы

Аутизмди бала түйүлдүк учурунда аныктоо мүмкүн эмес. Буларда аң сезими гана башкача болбосо, анатомиялык түзүлүшү туура.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы педиатры, медицина илимдеринин кандидаты Гулнара Жумагулова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. 

Айтымында, 2027-жылдан баштап Кыргызстанда “Үмүт” программасы ишке кирет жана ал кош бойлуу аялдарга пренаталдык скрининг, биохимиялык изилдөөлөрдү жасоону камтыйт – булар түйүлдүктөгү генетикалык кемтиктерди өз убагында аныктоого жардам берет. 

Адис белгилегендей, генетикалык оорулардын башкы себептеринин бири – кош бойлуу аялдын стресске кабылуусу. Эне менен кошо түйүлдүк дагы стресске кабылат, а бул генетикалык оорулардын өрчүшүн шарттайт. 

“Дүйнөлүк медицинанын маалыматтарына караганда, дүйнө жүзүндө төрөлгөн ымыркайлардын 6 пайызы тубаса кемтиктерге ээ. Башкача айтканда, жүз баланын 17си тубаса оору менен төрөлөт. Эгерде бул маалыматтарды анализдесек, анда Кыргызстанда 2 миңге жакынтубаса кемтик жана генетикалык ооруларга менен төрөлгөн балдар бар”, - деди ал. 

Айтымында, генетикалык оорулардан Даун синдрому менен төрөлгөндөрдүн саны өскөн. Мисалы, 2023-жылы 300дөй бала төрөлсө, 2024-жылы – 415, 2025-жылы – 500 чакты. 

“Даун синдрому хромосоманын оорусу. Ал эми аутизм башка. Аны көбүнчө вакцинага байланыштырышат: балам эмдөөдөн өткөндөн кийин болду дегендер бар. Бул өтө чоң жаңылыштык. Бала аутизм менен төрөлөт жана өмүр бою аны менен калат. Ага каршы бир да дары-дармек жок. Болгону мында социалдык адистер, невропотолог жана психолог биргеликте иштеши керек”, - деди ал. 

Жумагулова белгилегендей, Даун синдромун түйүлдүк учурунда - пренаталдык скрининг, биохимиялык изилдөөлөр аркылуу аныктоого болот, ал эми аутизмди – жок.