президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
13 ноябрь
Баткен шаарында узундугу 18 метрлик жаңы көпүрө пайдаланууга берилди
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы Алымбек Датка көчөсүндөгү Курук-Сай аркылуу өтүүчү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, шаар мэринин орун басары Алихан Ураимов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Көпүрөнүн узундугу 18 метр, туурасы 12 метр, бийиктиги 3,6 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулган.
Курулуш Баткен облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, 27 млн сомго курулду.
