ТКМ: Жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду
Бишкек шаарындагы Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде жол кыймылын жөнгө салуучу адаптивдүү башкаруу системасы жана жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган светофорлор орнотулду. Жаңы система жол кыймылынын абалына жараша светофордун иштөө режимин өзгөртүп, унаа агымын талдап жана тыгындарды азайтууга багытталган.
Жалпы 27 светофор орнотулду. Ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн 4 камера-детектор, унаалардын санын аныктоочу 4 лидар түзмөгү жана убакытты артка саноочу 4 электрондук табло коюлду. Мындан тышкары, кесилиштин түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш багыттарына төрт LED-экран орнотулду. Алар электрондук жол белгилеринин милдетин аткарып, тилкелердеги кыймыл багыты өзгөргөн учурда айдоочуларга тиешелүү маалыматты көрсөтөт.
Жасалма интеллект системасы кандай иштейт?
Унаалардын агымына жараша тилкелердин багытын жана светофордун иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртөт. Мисалы, солго бурулуучу тилкеде унаалар көбөйүп, тыгын пайда болсо, жасалма интеллект кошумча тилкени да ушул багытка буруу чечимин кабыл алат. Мындай өзгөртүүлөр жолдогу жүктөмгө жараша башка багыттарда да жүргүзүлөт.
Учурда жасалма интеллект системасы окутуу баскычында турат жана толук ишке киргизиле элек. Система камералар жана лидарлар аркылуу жол кыймылы тууралуу маалыматтарды чогултуп, сутканын убактысына, аптанын күндөрүнө жана айларга жараша унаа агымын талдоодо. Бул маалыматтардын негизинде унаалар көп топтолгон багыттарды аныктап, тилкелердин багытын жана светофордун иштөө режимин оптималдаштырууну үйрөнөт. Маалыматтар топтолгон сайын системанын талдоо жана чечим кабыл алуу тактыгы жогорулайт.
