Маданият министрлиги
13 ноябрь
Союзбек Надырбеков маданият министринин биринчи орун басарлыгынан кетти
Союзбек Надырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Маалыматта тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгондугу жана анын башка жумушка өткөндүгү айтылат.
"Тиешелүү чечим маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин сунушунун жана Союзбек Надырбековдун жеке арызынын негизинде кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
