Кыргызстандык режиссёр Каныбек Калматов «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгында «Мыкты режиссёр» аталды
Кыргызстандык режиссер Каныбек Калматов «Айтматов» аттуу биографиялык тасмасы үчүн «Эң мыкты режиссер» номинациясында II ачык Евразиялык «Бриллиантовая бабочка» кинопремиясынын жеңүүчүсү болду.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Москва шаарында өттү. Жеңүүчүгө бриллианттар менен кооздолгон статуэтка жана баасы 250 миң доллар турган асыл таш тапшырылды.
Салтанаттын алдында Каныбек Калматов Чыңгыз Айтматов Кыргызстан үчүн улуттук байлык экенин белгилеген. Анын айтымында, тасмада улуу жазуучунун бала чагынан тартып дүйнөлүк таанылууга чейинки өмүр жолун көрсөтүүгө аракет кылган.
Быйыл сыйлыкка 19 өлкөдөн 41 тасма ат салышты.
«Эң мыкты тасма» баш байгесин россиялык режиссерлор Никита Высоцкий менен Илья Лебедев тарткан «Август» тасмасы жеңип алды. Аларга салмагы 10 карат, баасы 1 млн доллар турган бриллиант тапшырылды.
«Эң мыкты актер» наамына «Рестарт» тасмасындагы ролу үчүн казакстандык Жасулан Копберген татыды. Ал эми «Эң мыкты актриса» сыйлыгын «Менин Льяри» тасмасындагы ролу үчүн пакистандык Дананир Мубир алды.
«Эң мыкты сценарий» номинациясында ирандык автор Алиреза Мотамеди «Жомоктогу айымдын кызы» тасмасы үчүн жеңүүчү болду. «Эң мыкты оператор» сыйлыгын «Эвакуация» тасмасындагы иши үчүн казакстандык Александр Плотников алды.
Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн атайын сыйлык белгилүү актриса Алиса Фрейндлихке тапшырылды.
Никита Михалковдун демилгеси менен негизделген «Бриллиантовая бабочка» кинопремиясы Евразия өлкөлөрүнүн кинематографисттерин колдоого, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук кинолорду жайылтууга багытталган.
