Кыргызстан 2031-жылга чейин өзүнүн космостук инфраструктурасын түзүүнү көздөйт
Кыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата космостук тармакты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты. Документте спутниктик маалыматтарды алуу, иштетүү жана пайдалануу боюнча улуттук системаны түзүү, ошондой эле өлкөнүн өздүк космостук инфраструктурасын өнүктүрүү каралган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунда жана ага тиркелген материалдарда айтылат.
Негизги багыттардын бири катары Жерди аралыктан зонддоонун бирдиктүү улуттук платформасын, спутниктик маалыматтарды иштетүү жана сактоо борборун түзүү белгиленген. Ошондой эле спутниктик маалыматтарды кабыл алуучу улуттук жер үстүндөгү станцияны этап-этабы менен түзүү пландалууда.
Өзгөчө көңүл мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана жаратылыш кырсыктарына байкоо жүргүзүүгө бурулат. Спутниктик технологиялар сел, жер көчкү, суу ташкыны жана кар көчкү коркунучтарын алдын ала эскертүү, айыл чарба жерлерине, жайыттарга жана айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулмакчы.
Өзүнчө багыт катары улуттук космостук технологияларды өнүктүрүү каралган. Программада космостук каражаттарды түзүү же сатып алуу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүү, анын ичинде эл аралык өнөктөштүн спутнигинен үлүш алуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталууда. Бул боюнча акыркы чечим баалоонун жыйынтыгына жараша кабыл алынат.
Мындан тышкары, «Кыргыз Спутник» ишканасынын базасында Улуттук космостук технологиялар борборун түзүү, илимий лабораторияларды өнүктүрүү, космостук инженерия багыты боюнча адистерди даярдоо жана спутниктик маалыматтарды талдоодо жасалма интеллектти колдонуу пландалууда.
Мамлекеттик программа эки этап менен ишке ашырылат. 2027–2028-жылдары ченемдик-укуктук базаны түзүү, платформаны жана маалыматтарды иштетүү борборун ишке киргизүү пландалса, 2029–2031-жылдары спутниктик кызматтарды мындай маалыматтарды пайдаланган бардык мамлекеттик органдарга жайылтуу каралган.
Программаны ишке ашыруу мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ресурстарды кайра бөлүштүрүү, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү аркылуу каржыланат.
