Кыргызстанда айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди макулдугусуз эмгек өргүүсүнөн чакыртып алууга тыюу салынды
Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди алардын макулдугусуз эмгек өргүүсүнөн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алууга тыюу салган жарлыкка кол койду.
Тиешелүү өзгөртүүлөр 10-ноябрда «Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө» жарлыкка киргизилди. Документ 2026-жылдын 13-ноябрынан тартып күчүнө кирди.
Жаңы эрежелерге ылайык, кызматкердин эмгек өргүүсүнөн мөөнөтүнөн мурда ишке чыгууга макулдугун телефон аркылуу, санариптик байланыш каражаттары же башка ыкмалар менен алууга болот. Пайдаланылбай калган эс алуу күндөрү үчүн алардын санына жараша акчалай компенсация төлөнөт.
Мындан тышкары, документте кызмат адамдарынын укуктары такталды. Алар чечимдерди даярдоого жана кабыл алууга катышууга, ошондой эле кошумча акы алуу менен окутуучулук, илимий, эксперттик жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу.
Бирок мындай ишмердүүлүк аларды кызматка дайындаган жетекчи менен макулдашылууга тийиш. Ошондой эле ал кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жаратпашы жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келбеши керек.
Мамлекеттик кызматкерлерге саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук жана ыктыярчылык тармактарында иш алып барган коомдук бирикмелердин ишине катышууга да уруксат берилет.
Ошол эле учурда коммерциялык эмес уюмдардын жетекчи органдарына катышууга чектөөлөр киргизилди. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик кызматкерлерге мындай уюмдардын камкорчулар кеңештеринин, байкоочу кеңештеринин жана башка башкаруу органдарынын курамына кирүүгө тыюу салынат.
Айрым кызматтарга дайындоолор президенттин же Министрлер кабинетинин төрагасынын чечими же макулдашуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жаңы жоболор президенттин тиешелүү жарлыгы менен жөнгө салынган кызмат орундарына жайылтылат.
