Жолдор ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 ноябрь

Жолдор ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал

Бүгүн, 12-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы автожолдордо кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго кум-туз аралашмасы себилип, тазалоо иштери аткарылууда. Учурда автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалган.

Ошондой эле бүгүн саат 09:00дөн тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Өтмөк ашуусунда дагы №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго кум-туз аралашмасы себилип, тазалоо иштери ыкчам аткарылды. Учурда жол ачык, унаалардын каттамы камсыздалган. Тыгын жок.

Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда абал туруктуу. Автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.