Александровкада жол кырсыгынан унаа экиге бөлүнүп, айдоочу каза болду
видеодон алынган кадр
12 ноябрь

Александровкада жол кырсыгынан унаа экиге бөлүнүп, айдоочу каза болду

Чүй облусунун Александровка айылында катуу жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен унаа экиге бөлүнүп, айдоочу окуя болгон жерде каза болду.

Алдын ала маалыматтарга жана күбөлөрдүн айтымында, унаа Кара-Балта тараптан жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Айдоочу жолдо кооптуу маневр жасап, башка унааларды кысып өткөнү айтылууда.

Бир маалда ал рулду башкара албай, темир-бетон тосмону сүзгөн. Катуу соккудан улам унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Унаада жүргүнчүлөр болгон-болбогону жана алардын саны такталууда.

Учурда укук коргоо органдары кырсыктын жагдайларын жана себептерин иликтеп жатат. Азырынча жол кырсыгы боюнча расмий маалымат бериле элек.