Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Сергей Щербаков Суусамыр – Каракол ашуусунан каза болгон абалда табылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 ноябрь

Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Сергей Щербаков Суусамыр – Каракол ашуусунан каза болгон абалда табылды

Бишкек шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Сергей Щербаковду издөө иштери аяктады. Анын сөөгү Суусамыр – Каракол ашуусунан табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда саат 14:00 чамасында ашуудан Щербаков айдап жүргөн Suzuki Jimny үлгүсүндөгү унаа табылган. Унаанын салонунда анын сөөгү болгон.

Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, эркек киши жол кырсыгынан каза болгон. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Белгилей кетсек, Сергей Щербаков 1-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында өзүнүн унаасы менен Бишкектен чыгып кеткенден кийин дайынсыз жоголгон.

Досунун айтымында, ал унаа менен саякаттоого, айрыкча тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардагы жолдордо жүрүүгө кызыкчу. Ал тоолорду көрүү үчүн Ош облусуна барууну пландаган.

Милиция кызматкерлери анын болжолдуу жүргөн багытын аныкташкан. Ал Тоо-Ашуу туннели аркылуу өтүп, Жалал-Абад облусунун Казарман айылын көздөй багыт алган.

Анын унаасы акыркы жолу Нарын облусундагы Миң-Куш айылына бурулган жолдун жанындагы май куюучу жайдын видеокөзөмөл камерасына түшкөн.