Борбор Азияда климаттык туруктуу ландшафттарды өнүктүрүүгө €200 млн ашык каражат багытталат
БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын алкагында Анталья шаарындагы Германиянын климаттык павильонунда Борбордук Азиядагы «Климаттык туруктуу ландшафттар» аймактык программасын ишке ашырууга арналган министрлердин жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө аталган программанын аймактык кызматташтыкты чыңдоодогу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттык туруктуулугун жогорулатуудагы стратегиялык маанисин белгиледи.
Министр климаттык демилгелерди колдогондугу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Германия Өкмөтүнө, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигине, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугуна, ошондой эле Жашыл климаттык фондго ыраазычылык билдирди.
Өз сөзүндө министр тоолуу өлкө болгон Кыргыз Республикасы үчүн программанын өзгөчө маанисине токтолду. Ал Кыргызстан кеңири тоо экосистемаларына жана мөңгү ресурстарына ээ болгону менен, климаттын өзгөрүүсүнүн олуттуу кесепеттерине дуушар болуп жатканын белгиледи.
Министр тоо экосистемаларын, токойлорду жана жайыттарды сактоо жана калыбына келтирүү Кыргызстандын экологиялык туруктуулугун камсыздоо үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын суу, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздугун сактоо үчүн да принципиалдуу мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Ошондой эле CLiCA программасынын комплекстүү багыты өзгөчө белгиленди. Ал деградацияга учураган ландшафттарды калыбына келтирүүнү, айыл чарбасында климаттык туруктуу ыкмаларды киргизүүнү, ошондой эле фермерлердин жана жергиликтүү жамааттардын финансылык ресурстарга, заманбап технологияларга жана практикалык билимдерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү камтыйт.
Аймак үчүн программанын жалпы көлөмү жети жыл ичинде 200 млн евродон ашык каражатты мобилизациялоону карайт. Бул инвестициялар климаттык туруктуулукту чыңдоого, жаратылыш экосистемаларын калыбына келтирүүгө, жер ресурстарын башкарууну өркүндөтүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталары күтүлүүдө.
CLiCA программасын ишке ашыруу аймактык климаттык өнөктөштүктүн маанилүү үлгүсү болуп, Борбордук Азиянын экологиялык жана социалдык-экономикалык жактан туруктуу келечегин калыптандырууга олуттуу салым кошот.
