Кыргызстандык 700дөй окуучу «Достук көпүрөсү» долбоорунун алкагында орус тили жана маданияты менен тааныша алышат
31-июлда Ысык-Көлдө, Чолпон-Ата шаарында «Достук көпүрөсү: Россия жана Кыргызстан» эл аралык программанын экинчи нөөмөтү башталат. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 700дөй окуучу катышат. Нөөмөт 6-августка чейин болот.
Балдарды интерактивдүү сабактар, чыгармачылык мастер-класстар, интеллектуалдык оюндар, фестивалдар жана орус тилине, маданиятына жана Россиянын каада-салтына арналган жалпы лагердик иш-чаралар күтөт.
Нөөмөттүн ар күнү өзүнчө бир темага байланат. Окуучулар орус жомоктору жана кол өнөрчүлүгү, элдик ырлары, тегеренме бийлери жана байыркы оюндары менен таанышып, орус тилинин тарыхы жана Россиянын көп тараптуу маданияты тууралуу кеңири маалымат алышат.
Программада «Россияга саякат: тил, маданият, ачылыштар», «Салттар мозаикасы: маданий баалуулуктардын сүрөтүн жаратабыз», «Улуу жана кудуреттүү: орус тилин элдик салттар аркылуу үйрөнөбүз» жана «Жомоктогу сыйкырдуу сөз: даанышмандыктын жана жарыктын сөзү» аттуу сабактар каралган.
«Биз балдар орус тилинде сүйлөшкүсү келген мейкиндикии түзүүгө умтулабыз. Ошондуктан программада пассивдүү форматтар дээрлик жок: катышуучулар талкуулашат, ойношот, жаратышат, оюн көрсөтүшөт жана биргеликте тапшырма аткарышат. Мындай чөйрөдө орус тили эрежелер курамы катары эмес, а баарлашууда , жаңы нерселерди таанууда жана жаңы досторду табууда колдонулчу түшүнүктүү жана пайдалуу курал катары кабыл алынат», - дейт «Достук көпүрөсү: Россия жана Кыргызстан» долбоорунун программалык директору Нина Чистякова.
Экинчи нөөмөт КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору» мамлекеттик мекемесинин аймагында өтөт. Программанын Кыргызстандагы эки нөөмөтүндө 1400 окуучу катышуучу болушат.
«Достук көпүрөсү» долбоорун «Менин тарыхым» гуманитардык илимдерди колдоо фонду Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырат. Анын максаты – чет өлкөлөрдө орус тилин жана орус билим берүүсүн жайылтуу. Кыргызстанда долбоор үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүүдө.
2024-жылдан бери ага дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн 3000ге жакын чет элдик балдар катышты. Быйыл программанын эки сезону «Артек» Эл аралык балдар борборунда, эки сезону Тажикстанда жана бир сезону Өзбекстанда өттү. Кыргызстандагы сезондор менен катар долбоордун бир сезону «Океан» Бүткүл россиялык балдар борборунда өтүп жатат. Жыл аягына чейин «Достук көпүрөсү» Абхазияга жана Арменияга да барат, ал эми күзүндө балдарды «Смена» Бүткүл россиялык балдар борборунда чогултат.
