ЖОЖдордо академиялык өргүүдөн кийин бюджеттен контракка которуу мүмкүн эмес, – министрликтин өкүлү
25 июнь

ЖОЖдордо академиялык өргүүдөн кийин бюджеттен контракка которуу мүмкүн эмес, – министрликтин өкүлү

Президент Садыр Жапаровдун Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушуусунда тургундардын бири жогорку окуу жайында кездешчү көйгөйдү көтөрдү. 

Айтымында, анын кызы 2 жыл мурда ЖТРден жогорку балл алып, Кыргыз мамлекеттик университетине бюджеттик бөлүмгө тапшырган. 

“Бирок бир жылдан кийин ооруп калды. Москвага барып дарыланып келди. Бардык справкаларды бергенбиз. Бир жылга академиялык өргүү алган. Бирок быйыл 2-курсту улантайын деп кайра келсе, контракттык негизде окуйт деп жатышат”, – деди ал. 

Ошондой эле ал мындай көрүнүшкө бир гана анын кызы эмес, көп студенттер туш келээрин кошумчалады. 

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин өкүлүнүн айтымында, бюджеттик бөлүмдө окуп жаткан студент академиялык өргүү алса, андан кайтып келгенден кийин окуусун кайра эле бюджеттик бөлүмдө улантууга тийиш.