800 англис тили жана 400 STEM мугалими квалификациясын жогорулатышты
18 февраль

800 англис тили жана 400 STEM мугалими квалификациясын жогорулатышты

17-февралда, өлкөдөгү англис тили мугалимдерин окутууга багытталган «Жаңы муунга билим берүү (Next Generation Education – 2025)» долбоорунун жыйынтыктоочу аземи болуп өттү.

Долбоор өлкөнүн бардык жети облусунда жана Бишкек шаарында ишке ашырылып, 800 англис тили жана 400 STEM мугалимин камтыды. Ал мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап, эффективдүү сабактарды өткөрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева англис тили заман талабы экенин белгилеп, аны билүү эл аралык билим берүү программаларына жол ачарын айтты. Ошондой эле келечекте STEM дисциплиналарын дүйнөлүк стандарттарга ылайык англис тилинде окутуу пландалып жатканын билдирди.

Программанын алкагында 64 улуттук тренер-мугалим оффлайн форматта интенсивдүү окутууларды жана ай сайын онлайн вебинарларды өткөрүштү. Алар англис тилин өркүндөтүү, долбоордук окутуу (PBL), окуучуга багытталган усулдарды киргизүү жана окуу материалдарын жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу багытында республика боюнча мугалимдерди окутушту.

Иш-чара долбоордун катышуучуларын сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.