Бишкекте улуттук педагогикалык форум өтөт
21 август

Бишкекте улуттук педагогикалык форум өтөт

Бүгүн, 21-августта, Бишкек шаарындагы «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы Улуттук педагогикалык форум өтүп жатат. Форумдун алкагында билим берүү уюмдарынын жана Агартуу министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн тааныткан көргөзмөлөр, көргөзмө-жарманкелер жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.

Кесиптик лицейлердин көргөзмө-жарманкесинде окуучулар тарабынан даярдалган элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдары, айыл чарба продукциялары жана суусундуктар көрсөтүлүүдө. Катышуучулар продукциялар менен таанышып, айрымдарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Билим берүүнүн келечеги» интерактивдүү аянтчасында STEM, робототехника, IT жана санариптик технологиялар боюнча окуучулардын долбоорлору көрсөтүлүүдө. Катышуучулар роботторду башкаруу, заманбап технологиялар менен иштөө жана колдонмо искусствосу боюнча интерактивдүү иштерге катыша алышат.

Жаңы окуу китептерине арналган көргөзмөдө 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында чыгарылган жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-усулдук матери