Бишкек: Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады
24 сентябрь

Бишкек: Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылындагы 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.

Мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болду.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу мектеп имараты салынды. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек класстары жана спорт залы бар.

Учурда объектиде сырткы көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана мектепти жууп-тазалоо иштери аткарылууда.