Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 сентябрь

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.