Манас шаарындагы №21 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады
Курулуш министрлиги
5 октябрь

Манас шаарындагы №21 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлай. 

Объекттин курулушу 2026-жылдын жаз айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу жаңы имаратта окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Мектепте заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттеринде ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондой эле медициналык кабинеттер да бар.

Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы, долбоорлоо иштерин “Арх-Стандарт” ЖЧКсы аткарды.

Жаңы корпус эки нөөмөттө иштеген шартта 700гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, мектептеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзөт.