«Бишкек Арена» стадионунун ачылышы түз эфирде көрсөтүлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь

«Бишкек Арена» стадионунун ачылышы түз эфирде көрсөтүлөт

Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи бүгүн, 5-октябрда, УТРКнын бардык телеканалдарынан жана «Биринчи радиодон» түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу радиостанциянын эфиринде маалымдалды.

Салтанаттуу азем саат 17:00дө башталат. Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана чет элдик артисттер катышкан масштабдуу майрамдык программа даярдалды.

Буга чейин BA DAY иш-чарасынын хедлайнерлери катары Redfoo жана Party Rock Crew of LMFAO чыга турганы маалымдалган.

Иш-чарага кирүү акысыз. Бирок стадионго кирүү үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Ар бир көрүүчүгө жеке QR-билет берилет, аны тариздөөдө FACE ID колдонулат.

Бир ПИН-кодго бир гана билет — анын ээсине берилет. Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө же таризделгенден кийин жокко чыгарууга болбойт. Иш-чарага 7 жаштан жогорку адамдар киргизилет.

Стадионго кирүүдө көрүүчүлөр текшерүүдөн өтөт. Анын аймагына тамак-аш жана суусундуктарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Көрүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн Бишкек мэриясы «Бишкек Аренага» барып-келүүчү акысыз автобустук каттамдарды уюштурду. Автобустар шаардын бир нече белгиленген жерлеринен каттайт.

Ошондой эле ачылыш күнү стадионго жеке унаалардын кирүүсү убактылуу чектелери, ал эми шаттл-автобустардын жүрүүсү сакталары маалымдалган.

Көрүүчүлөрдүн саны көп болору күтүлүп жаткандыктан, шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтуу үчүн алдын ала чаралар көрүлдү.