Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары өттү
Россия Федерациясынын Казань шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында эки бирикменин мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуулары болуп өттү.
Кыргызстанда атынан башкы прокурордун орун басары — Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору К. Байдылдаев катышты.
Жолугушуунун негизги маселеси чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо болду. Катышуучулар чек арага жакын аймактарда укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарактын жана баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, ошондой эле миграциялык режимдин талаптарынын бузулушуна каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кесиптик тажрыйба алмашууга жана макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
КМШга катышкан мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыктары Протокол менен бекитилди.
Ошондой эле К. Байдылдаевдин Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары - Россия Федерациясынын Башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай Элдик-боштондук армиясынын Аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Тараптар аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
