Оторбаева: Ковиддин жаңы штаммы чыгып жатат деген пикир жаңылыштык, КРВИнин түрлөрү көп
5 октябрь

Оторбаева: Ковиддин жаңы штаммы чыгып жатат деген пикир жаңылыштык, КРВИнин түрлөрү көп

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Жыл сайын август айында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) учурлары көбөйө баштайт. Сентябрда, бала бакча, мектептер иштей баштаганда бул көрсөткүч дагы жогорулайт, дейт Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева.

Айтымында, быйыл жай айында бул оорулар менен ооругандардын саны 2 000-3 000 миң адамды түзсө, августтан баштап 3-4 миңге жеткен, ал эми сентябрда – 5 миң. Учурда каттоодон өткөн ооругандардын саны – 5 748.

“Былтыркы жылдын 40-жумасына салыштырмалуу өсүш жок. Былтыр ушул маалда 5800гө чейин барган. Ал эми өткөн жумага салыштырмалуу бул жумада өсүш 15 пайыз болду. Бул кадимки көрүнүш”, – деди дарыгер.

Ал белгилегендей, ооругандардын 80 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Анын 57 пайызы – 4 жашка чейинкилер.

Ошондой эле Динара Оторбаева “ковиддин жаңы түрү менен ооруп жатабыз” деген билдирүүлөрдү жокко чыгарды.

“Быйыл Гонконг деген түрү чыгыптыр, Австралия деген түрү чыгыптыр дегендер болуп жатат. Бул туура эмес түшүнүк. Жыл сайын ДСУ божомол берет, анын ичинде H1N1 деген түрү пандемиялык деп аталат, аны көрүп алып чоочулагандар бар. А бул түрлөр 2019-жылдан бери катталып келет, мезгилдик оору болуп калган. Азыркы маалда лабораториялык жактан грипп катталган жок. Болгону курч респиратордук вирустук инфекциялардын түрү көбөйүүдө. Вирустук инфекция бирок, сасык тумоо эмес, жеңил өтө турган түрлөрү: аденовирус, риновирус көп болуп жатат. “Ооруп эле айыга албай жатам, улам уланып кетип жатат, оор түрү окшойт” дегендер да жок эмес.  Бул топ оорулар. Вирустары ар кандай болгону менен клиникалык белгилери окшош. Мисалы, бир адам аденовирус менен ооруса, ал айыгып баштаганда риновирус жуктуруп алса, аны менен ооруйт. Тереңден билбеген адам бир оорудан эле айыга албай жаткандай сезет”, – деди ал.

Дарыгер мезгилдик оорулардан сактануунун эң натыйжалуу ыкмасы – тазалык эрежелерин катуу кармоо экенин белгиледи.

Оторбаева ковиддин жаңы штаммдары жүрүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбестигин белгилеп, эмне себептен мындай билдирүүлөр болуп жатканын түшүндүрдү.

“Мисалы, H1N1 вирусу жыл сайын ар кайсы жактан башталат, мисалы, Ганконг, Австралия. Сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйгөндө ДСУнун референстик лабораториясына чыккан вирустарды биз канчалык туура тактап жатканыбызды тастыктоо үчүн жиберебиз. Алар штаммдарды алып, антителону карап, вакцина даярдашат. Кайсы штамм кайсы шаардан келсе, ага ошол жердин аты жазылат. Гонконгдон келсе, Гонконг, Австралиядан келсе Австралия, Пекинден барса, Пекин. Бишкектен барса – Бишкек. Аны көрүп анан жаңы штамм деп айта беришет”, – деди Динара Оторбаева.