Транспорт министрлиги
5 октябрь
Бишкек – Ош унаа жолунун бир нече жеринде сел жүрдү
Эл аралык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунун 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкесинде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жерине министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери ыкчам тартылып, учурда жолдун бир тарабы ачылды. Экинчи тилкени селден тазалоо иштери улантылууда.
Жолду тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган.
Учурда жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
