Кыргызстанда жеке сектор дагы электрондук эмгек китепчесин жүргүзүүгө милдеттендирилет
5 октябрь

Кыргызстанда жеке сектор дагы электрондук эмгек китепчесин жүргүзүүгө милдеттендирилет

Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Түркебекова белгилегендей, учурда жеке секторлор үчүн дагы электрондук эмге келиши жана электрондук эмгек китепчесин киргизүү үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда электрондук эмгек китепчеси колдонулуп келээрин эске салды.

“Биз бул практиканы жеке секторго да киргизебиз. 2027-жылдын январь айында пилотко берип, анын жыйынтыгы менен жеке секторго өтөбүз.

Анткени, жаран бүгүн жеке сектордо иштесе, эртең мамлекеттик ишканада иштеп калышы мүмкүн. Анан келечекте, пенсияга чыгаарда иштеген жерлеринен маалымкат чогултуп, стажын тактап отурбай, бардык маалыматта бир жерден алууга шарт түзүлөт”, - деди Туркебекова.