видеодон алынган кадр
5 октябрь
Токтогул суу сактагычынан 12 миң метрден ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз орнотулган балык уулоочу торлорду жана синтетикалык каражаттарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан 28-сентябрдан тарта министрдин тапшырмасынын негизинде башталган.
Бүгүнкү күнгө карата суу сактагычтан жалпы 12 миң 100 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык тор жана башка таштандылар чыгарылды.
Суучулдар мыйзамсыз орнотулган торлорду тазалоо иштерин мындан ары да улантышат.
Иш-чаралар суу сактагычтын экологиялык абалын сактоого, суудагы жаныбарлар дүйнөсүн коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
