Анын өмүр жолу – спортко берилгендиктин үлгүсү. Жеңиш Дөңбаевге жазылган некролог
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь

Анын өмүр жолу – спортко берилгендиктин үлгүсү. Жеңиш Дөңбаевге жазылган некролог

Кыргыз спорту орду толгус оор жоготууга учурады.

2026-жылдын 3-октябрында 81 жаш курагында СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эмгексиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнчаСССРдин спорт чебери, залкар устат Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев дүйнөдөн кайтты.

Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 1945-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Спорттук жолунда СССРдинкурама командасынын курамында чыгып, республикалык жана бүткүл союздук мелдештердежеңиштерге жетишкен. Өмүрүнүн басымдуубөлүгүн кыргыз күрөшүн өнүктүрүүгө жана жаш спортчуларды тарбиялоого арнаган.

Ал Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук жана башкы машыктыруучусу, олимпиадалык резерв мектебинин директору, Күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болуп эмгектенген. Көптөгөн спорт чеберлерин тарбиялап, алардын арасында дүйнө, Европа жана СССР чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери, эл аралык класстагы спорт чеберлери жана Кыргызстандын көп жолку чемпиондору чыккан.

Жеңиш Бекбоевичтин кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңиргенишмер» ардак наамына татыган.

Жеңиш Дөңбаевдин өмүр жолу – спортко берилгендиктин, устаттык эмгектин жана мекенчилдиктин үлгүсү. Жеңиш Бекбоевичтинжаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун аза кайгысын теңбөлүшөбүз.

А.А. Касымалиев, У.Э. Маматканов, Ы.Ы. Атажанов, У.С. Асанбаев, Э.Дж. Джумаев, А.А. Оморканов, К.О. Осмоналиев, М.О. Букуев, А.М. Салымбеков, Т.А. Сариев, Э.С. Тентишев, М.Т. Турганбаев, Ш.Р. Касенов, М.А. Акеров, А.М. Юнусов, Х. Махмудов, Ж. Карагулов, К.А. Макешов, Б.Б.Кенжебаев, Ч.К. Изабеков, Н.К. Изабеков, Р.М. Мажинов, О.П. Назаров, К.Б. Омуралиев, М.Дж. Ахметов ж.б.