Кимдер кан донору боло алышат? Республикалык кан борбору түшүндүрдү
Бир жолу кан тапшыруу менен жаран үч адамдын өмүрүн сактай алат. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айгүл Исмаилова билдирди.
Айтымында, кан донору болууга бир катар эрежелер бар.
“18 жаштан 60 жашка чейинки, өнөкөт оорусу жоктор жана салмагы 50 килограммдан кем болбогондор кан донору боло алышат”, - деди ал.
Ошондой эле кан тапшыруу алдында бир катар эрежелерди карманууга тийиш. Исмаилова белгилегендей, алар: майлуу тамактарды жебөө, кан тапшыраар алдында 1 сутка алкоголь ичпөө, тамеки тартпоо, сүт азыктарын колдонбоо.
“Жеңил тамактарды, айрыкча, жашылча-жемиштерди жеш керек. Бирок бананды жегенге болбойт. Бир жолу кан тапшырган адам 3 адамдын өмүрү сакталып калышына себепкер болот”, - деди Исмаилова.
