сүрөт: depositphotos.com
5 октябрь
Ысык-Көлдө батирлер жеке үйлөргө караганда кыйла кымбат
Ысык-Көл районунда батирлер менен турак үйлөрдүн баасында олуттуу айырма катталды.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 82 миң 489 сомду, ал эми турак үйдүн чарчы метри 49 миң 669 сомду түзгөн. Башкача айтканда, батирлер жеке үйлөргө караганда болжол менен 66% кымбат болгон.
Райондо коммерциялык кыймылсыз мүлктүн орточо баасы чарчы метрине 69 миң сом, өндүрүштүк объектилердики 24 миң 600 сом деп бааланган.
