Чыңгыз Айтматовдун айкелинин эскиздик долбооруна сынактын мөөнөтү 29-ноябрга чейин узартылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү узартылганын маалымдайт.
Сынактын максаты — жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо.
Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алышат. Жеңүүчү долбоор Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 29-ноябрына чейин узартылды.
Катышуучулар арыз, эскиздик долбоор, түшүндүрмө кат жана автор тууралуу маалымат тапшырышы керек.
Документтерди кабыл алуу дареги:
720000, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 112, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин имараты.
Байланыш телефону: 0707 71 05 71.
Байге фонду:
I орун — 200 000 сом;
II орун — 150 000 сом;
III орун — 100 000 сом.
Долбоорлор идеялык-мазмундук деңгээли, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ СЕЙИЛ БАК ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен 2018-жылы Минск шаарындагы сейил бакка жазуучунун ысымы ыйгарылган.
Сейил бактын жалпы аянты 19,6 гектарды түзүп, анын 2,7 гектарын суу аянты ээлейт. Ал Минск шаарынын Завод жана Ленин райондорунун чектеш аймагында жайгашып, Слепян суу системасынын бир бөлүгү болуп саналат.
2018-жылдын 26-ноябрында сейил бакта беларусь скульптору Алесь Шатило жасаган Чыңгыз Айтматовго арналган эстелик белги расмий ачылган.
