Норвегияда коомдук жайларда жасалма интеллекттүү көз айнектерди колдонууга тыюу салуу сунушталды
Норвегиянын өкмөтү коомдук жайлардын айрым түрлөрүндө жасалма интеллект (ЖИ) менен жабдылган көз айнектерди колдонууга убактылуу тыюу салууну көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоору жакын арада парламентке киргизилет.
Бийлик бул демилгени адамдардын жеке жашоосуна байланыштуу тобокелдиктер менен түшүндүрүүдө. Тактап айтканда, мындай көз айнектер аркылуу адамдардын уруксатысыз сүрөткө тартып, видео же аудио жаздырып алуу мүмкүнчүлүгү кооптондурат.
«Мен адамдардын кабарсыз сүрөткө тартылып, видеого же аудиого жазылып калуу коркунучун жараткан жаңы жана күчтүү технологиянын пайда болушуна тынчсызданам», — деди санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруу министри Тургейр Микаэльсен.
Убактылуу тыюу салуу парктарга, пляждарга, музейлерге, соода борборлоруна, балдар аянтчаларына, оюн-зоок парктарына, ошондой эле спорттук, музыкалык жана маданий иш-чараларга тиешелүү болушу мүмкүн.
Балдар болгон жайларга — мектептерге, бала бакчаларга жана балдар клубдарына өзүнчө чектөөлөр киргизүү каралууда. Ошондой эле тыюуну университеттерге жана башка окуу жайларына жайылтуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.
Мындан тышкары, медициналык мекемелер, бассейндер, спорт залдар, кийим алмаштыруучу жайлары жана душ бөлмөлөрү бар башка объектилер да чектөөгө киргизилиши мүмкүн.
Ошол эле учурда Норвегияда ЖИ көз айнектерине толук тыюу салуу пландалган жок. Аларды жеке шарттарда жана башка адамдарды алардын макулдугусуз сүрөткө же видеого тартуу коркунучу жок жерлерде колдонууга уруксат берилет.
Өкмөт мындан тышкары камера, микрофон жана жасалма интеллект менен жабдылган тагынуучу түзмөктөрдүн тобокелдиктерин изилдей турган эксперттик топ түзөт. Топ келечекте мындай технологияларды өлкөдө туруктуу жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
