Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин талкуулады
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
5 октябрь

Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Оман кыргыз-оман өнүктүрүү инвестициялык фондун түзүү, жеке капиталды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Бул маселелер 5-октябрда Кыргызстандын Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабировдун Омандын делегациясы менен болгон жолугушуусунда каралды.

Оман тараптын делегациясын Оман Султандыгынын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти жетектеди.

Жолугушууга эки өлкөнүн экономика, инвестиция, соода, энергетика, транспорт, туризм жана айыл чарба тармактарына жооптуу мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар кыргыз-оман экономикалык байланыштарынын учурдагы абалын жана аларды кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, туризм жана курорттук инфраструктура, айыл чарба жана продукцияны кайра иштетүү, транспорт жана логистика, авиация жана санариптештирүү белгиленди.

«Кыргызстан экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга Омандын инвестицияларын тартууга кызыкдар. Биз узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инвесторлорду натыйжалуу коштоого жана өндүрүштү, инфраструктураны жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө салым кошо турган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө умтулабыз», — деди Равшанбек Сабиров.

Анын айтымында, Омандын инвестициялык институттары жана бизнес өкүлдөрү менен түз байланыштарды кеңейтүү өз ара инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мындан тышкары, тараптар Омандын жеке капиталын тартуу жана эки өлкөнүн инвестициялык институттары менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Практикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн биргелешкен инвестициялык форумдарды жана өз ара бизнес-миссияларды активдүү өткөрүү сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча ишти улантууга даяр экенин ырасташты.