Жекшенов: Жумуш издеген жарандарды акысыз курстардан окутуп, андан ары жумушка орношуусуна көмөктөшөбүз
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына бир жылда 15-20 миңдей жумушсуз жаран кайрылат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Талант Жекшенов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Айтымында, 2026-жылдын 9 айында башкармалыктын райондук бөлүмдөрүнө 11 643 жаран кайрылган. Алардын 8 062си оозеки суроо-жооп менен чектелсе, 3 881и жумуш издөөчү катары каттоого турушкан.
“Каттоого тургандардын 1 258и учурда акысыз окуу курстарынан өтүшүүдө. Жумуш издөөчүлөргө бардык кызматты акысыз көрсөтөбүз. Алар каттоого тургандан кийин 2-3 айлык кыска мөөнөттүү окууларга жолдомо алышып же жаңы кесипке ээ болушат же өз кесиптеринде квалификациясын жогорулатышат”, - деди ал.
Жекшенов белгилегендей, заман талабына ылайык, эмгек рыногунда жаңы кесиптер пайда болууда. Аталган башкармалык бул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен бүгүнкү күндө кайрылгандарга 60тан ашуун кесипти сунуштайт.
“Мисалы, жаңы компьютердик программалар менен иштөө, чет тилдерин үйрөнүү. Бизде азыр туризм өнүгүп, сезон маалында чет өлкөлөрдөн туристтердин чоң агымы келет. Мындай учурда чакан кафелерде деле иштегендер чет тилдерин үйрөнүп алышса, чет элдик туристтерди тейлөөдө кыйналышпайт жана бул артыкчылыгы үчүн эмгек акысы дагы жогорулайт. Биз сунуштаган кесиптердин арасында сулуулук индустриясы, укалоо сыяктуу эмгек рыногунда суроо-талапка ээ багыттар бар”, - деди.
Айтымында, башкармалыктын функциясы кыска мөөнөттүү курстарга окутуу менен гана чектелбейт. Андан ары жумушка орноштурууну да көзөмөлдөшөт. Мисалы, ал белгилегендей, 1 258 жаран курсту аяктаса, анын 1 050сү же 90 пайыздайы жумушка орношкон.
Ошондой эле Талант Жекшенов Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жыл сайын жаз жана күз мезгилинде вакансиялар жарманкесин өткөрүп тураарын эске салып, бул сапар октябрдын экинчи жарымына белгиленип жатканын билдирди.
