Кыргызстандагы дагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет
17 октябрь

Кыргызстандагы дагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет

Кыргызстандагы дагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет, деп кабарлайт Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мындай чечим КРнын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган. 

Өзгөчө макал берилчү ЖОЖдордун тизмеси: 

– Баткен мамлекеттик университети;

– К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;

– Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;

– Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

– Талас мамлекеттик университети.”.