Россияда чет элдик балдардын 10–11-класстарда акы төлөп окушу сунушталды
Россиянын Мамлекеттик думасындагы ЛДПР фракциясынын депутаттары чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдардын Россия мектептеринин 10–11-класстарында акы төлөп окуусун караган мыйзам долбоорун даярдашты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Документ Россия өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлдү.
Демилгеге ылайык, «Россия Федерациясындагы билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 78-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандар орто жалпы билимди Россиянын эл аралык келишимдеринде же федералдык мыйзамдарында каралган учурларда гана акысыз ала алышат.
ЛДПР партиясынын лидери Леонид Слуцкийдин айтымында, өзгөртүүлөрдүн натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттарды россиялык жогорку класстын окуучуларын колдоого багыттоо сунушталууда.
Ошол эле учурда мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандардын орто кесиптик билим алуусуна чектөө киргизбейт. Тогузунчу классты аяктагандан кийин алар мыйзамда белгиленген тартипте орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшыра алышат.
Демилгечилер бул сунушту чет өлкөлүк жарандарды жогорку класстарда акысыз окутуу аймактык жана муниципалдык бюджеттерге кошумча чыгым алып келери менен түшүндүрүшүүдө.
Азырынча бул мыйзам долбоору гана, сунушталган өзгөртүүлөр күчүнө кире элек.
