Министрдин текшерүүсү: 1963-жылы курулган мектеп-интернатындагы курулуш
22 июнь

Министрдин текшерүүсү: 1963-жылы курулган мектеп-интернатындагы курулуш

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарынын Т. Сатылганов атындагы Ысык-Көл облустук мектеп-интернатында жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган мектеп-интернат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулуп, ошол убактан бери толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Бүгүнкү күндө объектте демонтаж иштери толугу менен аяктады. Имараттардын ички жана сырткы бөлүктөрү жаңыртылып, инженердик тармактарды модернизациялоо жүрүп жатат. Ошондой эле бардык окуу класстары, компьютердик кабинет жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык оңдолот.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшүнө өзгөчө басым жасап, подрядчы уюмга сапаттык талаптарды камсыздоо, иштердин ыргагын жогорулатуу жана объектти өз убагында пайдаланууга берүү милдетин койду.

Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин объект окуу үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп, аймактын билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.