Кыргызстандагы жеке мектептердеги окуу акысын ким белгилейт?
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь

Кыргызстандагы жеке мектептердеги окуу акысын ким белгилейт?

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана түздөн-түз жөнгө салбайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.

Окуу акысынын өлчөмү, төлөө тартиби жана шарттары билим берүү уюму менен ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын компетенциясына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери кирет. Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жеке менчик мектептер тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.

Мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү мыйзамдарда белгиленген тартипте окутуу акысыз жүргүзүлөт. Ал эми баланы жеке менчик билим берүү уюмуна берүү ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) тандоосу болуп саналат.