Быйыл Бишкекте 11-классты 12 миңге жакын бүтүрүүчү аяктады
Бишкек шаарынын бардык 120 муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында бүгүн, 29-майда "Акыркы коңгуроо" майрамына арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чаралар мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин жана коноктордун катышуусунда майрамдык маанайда өттү. Бүтүрүүчүлөргө мугалимдер, мектеп жетекчилери, ата-энелер тарабынан куттуктоо жана ак жол каалоо сөздөрү айтылды.
Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылында борбор калаанын мектептеринде 259 миңден ашуун окуучу окуу жылын жыйынтыктоодо. Алардын ичинен 22 061 окуучу 9-классты аяктаса, 11 869 окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болушту.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында мектептерде концерттик программалар, окуучулардын чыгармачылык номерлери жана бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземдери уюштурулду.
