Агартуу министрлиги: мектептерде окуу процесси 15-сентябрга чейин башталбашы керек
Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси 15-сентябрга чейин башталбашы керек. Бул тууралуу күн мурун, 17-августта Агартуу министрлигинде жаңы окуу жылына даярдык маселелерине арналган онлайн кеңешмеде айтылды.
Иш-чарага агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Кеңешмеде жаңы окуу жылын уюшкандыкта баштоо жана билим берүү уюмдарынын даярдыгын камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Анын алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктай элек мектептер боюнча маалыматтарды өз убагында берүү, медиа мейкиндигине мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлүү маселелерди аныктап, аларды чечүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, мектептерде окуу процесси 15-сентябрга чейин башталбашы жана мектеп формасы тиешелүү бирдиктүү токтомдун талаптарына ылайык болушу керектиги белгиленди.
Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу 1–10-сентябрь аралыгында 10 күндүк Ата-энелер декадасын өткөрүү, мектептердеги психологдордун штаттык орундарын тиешелүү квалификациясы бар адистер менен камсыз кылуу, мамлекеттик символикаларды бирдиктүү талаптарга ылайык жайгаштыруу маселелерине да көңүл бурулду.
Мындан тышкары, билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жарандардын кайрылуулары аркылуу аныктап, ар бир факты боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
Кеңешменин жүрүшүндө райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан жаңы окуу жылына даярдык боюнча суроолор берилип, аларга министрликтин тиешелүү адистери тарабынан жооптор берилди.
