Жалал-Абад облусунун Кара-Булак айылында 150 орундуу мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
6 август

Жалал-Абад облусунун Кара-Булак айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 99 миллион сомду түздү.

Мектептин курулушу 2025-жылы башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын курулушу толугу менен аяктап, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзгөн заманбап мектеп курулду. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү жана бардык шарттары менен жабдылган спорт залы каралган.

Мектепти жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.