БШК: Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер эмнени билиши керек
15 октябрь

БШК: Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер эмнени билиши керек

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө мыйзамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкердин статусу жөнүндө норманы так аныктаарын эскертет.

Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер тең укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

-мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

-муниципалдык кызматчы;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери;

- мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.

(Эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси болуп саналса – бул тактоо, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу милдеттенмеси мамлекеттик же муниципалдык мекемелерде директор, башкы дарыгер, мектептин директору сыяктуу жана башка кызмат орундарын ээлеген талапкерлерге гана тиешелүү).

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

- мамлекеттик саясий кызматчы;

- жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

- 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.