Козуев ААРдин эки айыл өкмөтүнө бир айыл башчы дайындап, жүктүн баарын бир адамга илип койгон чечимин сынга алды
Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында, административдик-аймактык реформанын бир катар кемчиликтери айтылды.
Депутат Алишер Козуев айыл өкмөттөрдө негизги кызмат оруну айыл башчысы экенин, бирок ал контрактык негизде кызматка дайындаларын билдирди.
Айтымында, бардык көрсөтмөлөр жана тапшырмалар айыл башчыларына келет жана негизги аткаруучулар да ошолор. Бирок ага карабай кыскартуулар жүрүп, эки айыл өкмөткө бир башчы шайланган да аймактар бар.
«Ооба, бирин бири кайталаган иштер кыскартылышы керек, бирок бардык жүктү бир адамга илип койгон болбойт. Айыл өкмөт башчыларына көбүрөөк ыйгарым укукту да берүү керек. Айыл өнүксө аймак өнүгөт, аймак өнүксө өлкө өнүгөт», – деди Козуев.
«Эгерде айыл өкмөт башчыларын муниципалдык кызматкер катары жумушка ала турган болсок, анда квалификациялуу талаптар боюнча суроо жаралат. Көпчүлүк айыл башчыларынын тажрыйбасы мол, бирок жаш курагы туура келбейт. Мындан качуу үчүн аларды контрактык негизде ишке ашууну чечкенбиз», – деп жооп берди Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев.
Ошондой эле, директор айыл өкмөт башчыларынын айлык акысы мурда 12-15 миң сом болгонун, бүгүнкү күндө 28 600 сомго жеткенин, андан сырткары алар үчүн муниципалдык кызматкерге таандык бардык жеңилдиктер каралганын кошумчалады.
