Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды
Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери учурда Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жерлигинде жүрүүдө.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылууда.
- Чуңкурларды казуу иштери 74 км
- Темир түтүктөрдү орнотуу иштери 68 км
- Зым тартуу иштери 62 кмге жетти.
Чек араны демаркациялоо иштерине төмөнкү мамлекеттик аскер кызматтары катышууда.
Алар;
- КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери
- КР УКМКнын Чек ара кызматынын инженердик сапердук отрядынын адистери
- КР Коргоо Министрлигинин аскерлери
- КР ИИМ ички аскерлери
- ИИМге караштуу "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери
- ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери
Жумушчу күч жана курулуш материалдары жетиштүү.
Белгилей кетсек, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде, жергиликтүү бийлик органдары демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүүдө. Калкттуу конуштарга зым тартуу иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бак дарактардан тазалоо иштери жүрүудө.
Тургундар чек араны тосуу иштерин кубаттап, турак жайлары аркылуу өткөн зым тартуу иштерине түшүнүү менен мамиле жасалууда.
