Нарын: "Кара-Куурай – 2025" операциясынын экинчи этабы өттү
12 август

Нарын: "Кара-Куурай – 2025" операциясынын экинчи этабы өттү

2025-жылдын 4–10-август күндөрү Жумгал районунун Миң-Куш, Кабак айыл аймактарына караштуу Таш-Сарай, Маринка жана Сары-Камыш участкаларында “Кара-Куурай – 2025” иш-чарасынын экинчи этабы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жапайы өскөн кара куурай плантациялары чабылып, өрттөлүп, толугу менен жок кылынды. Жалпы көлөмү 4 тоннадан ашык баңгизаттык өсүмдүк аймактан тазаланды.

Бул иштер мыйзамсыз баңгизат айлантуунун алдын алуу жана жаштардын коопсуз келечегин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.