Ак-Буура эс алуу жайы боюнча маалымат
9 октябрь

Ак-Буура эс алуу жайы боюнча маалымат

Ош шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 27-майындагы токтому менен Таджибаев Вахид Халимжановичке 15 жылдык мөөнөткө 16409 ч .м жер тилке убактылуу пайдаланууга берилип, бирок тилеке каршы бир жылдан кийин 2005-жылдын 8-августунда төмөндө аты аталган жарандын жеке менчигине өткөрүлүп берилген?

Андан кийин, сатуу-сатып алуу келишимдерининнегизинде бир нече адамдарга сатылып, муниципалдык жер колдон колго өтүп кеткен.

Сатылган жер тилкени эсептеп көрөлү. Учурда Ош шаарында жер тилкелердин баасы 1 сотых жер 30 миң ($) доллардан 70 миң ($) долларга чейин бааланууда. Жайгашкан жерин эске алуу менен эсептеп көрсөк 164 х 35000 ($) = 5,74 млн ($) долларга барабар. Бул каражат шаар казынасына түшпөй, жеке жарандын капчыгын толтурган.

Учурдагы “Ак-Буура “ эс алуу жайы жеке менчикке өткөрүлүп берилгенге чейин Ош шаарынын мэриясы 2004-жылдын 18- майында “Ош
шаарынын аймагын аралап өткөн” “Ак-Буура “ дарыясынын суу корук аймагы 50 метр деп аныктап, токтом кабыл алган. Ошондой эле КРнын Жер кодексинин 89-беренесине ылайык суу корук зоналар менчикке берилиши мүмкүн эмес.

Аны менен бирге жер тилкени жеке менчикке берүүдө КРнын суу кодексинин 69-беренесинин “Суу коргоо зоналары” боюнча талаптары бузулган. Анткени “ Ак- Буура “ эс алуу жайынын жер тилкесинин астынан “Ош шаар сууканал “ муниципалдык ишканасынын 1000 мм темир бетон (ж/б) саркынды тутугу өткөн. Демек саркынды түтүгүнүн үстүнө курулуш курууга мүмкүн эмес экендиги мыйзамда так даана көрсөтүлгөн.

Жогорудагы негиздерди эске алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жер тилкени муниципалдык менчикке кайтаруу жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте суу корук аймагын бошотуу максатында эс алуу багынын ордун бошотуу боюнча жумуштар алып барылууда.

Эс алуу багын иштетип жаткан жеке тараптарга ишмердүүлүгүн улантуусу үчүн Ош шаарынын мэриясы бошотулган жер аянтынын ордуна башка жер берүү боюнча сунуш бергендигин билдиребиз.

Учурунда бекер берилген мамлекеттин жер тилкесин менчиктеп алган жаран сатуудан эле эң төмөн баада эсептегенде эле 5, 74 млн ($) доллар пайда тапкан. Бул эс алуу багында кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешени кошпогондо. Жерди менчиктеп, кийин башкаларга сатып, соода түйүн куруп пайдасын 20 жылдан ашуун убакыттан бери көрүп келе жатышат. Эми мамлекеттин жерин, мыйзам чегинде элге кайтарып алууга убакыт келди!