Борбор калаада жолдордун деформацияланган тилкелери оңдолууда
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы карталык оңдоо ыкмасы менен жолдун деформацияланган участокторун жана тегиз эмес жерлери жоюулуда.
Ошентип, жол бригадасы 7-апрель көчөсүнүн А.Токомбаев көчөсү менен кесилишкен бөлүгүндөгү деформацияланган участокторду фрезалоо иштерин аяктоодо. Учурда жаңы асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, 7-апрель – Сухэ-Батор, Лев Толстой – Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде иштер жүрүп жатат.
Буга чейин ушундай эле иштер төмөнкү бөлүктөрдө жүргүзүлүп келген:
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде;
- Ч. Валиханов – Шабдан Баатыр;
- Жибек-Жолу – Жаш Гвардия;
- Жибек-Жолу – Кулиев;
- Жибек-Жолу – Ростовская;
- Чүй – Манас;
- Жибек-Жолу проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Коммунарова көчөсүнө чейин.
Белгилей кетсек, жолдо пайда болгон бардык деформацияланган жерлер жоюлат. Ишкана график тузуп, ага ылайык карталык ремонттоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Оңдоодо атайын фрезалоо машина демормация болгон асфальттын үстүнкү катмарын алып, бети даярдалып, жаңы асфальтбетон аралашмасы төшөлүп, акыркы этапта жаңы жол чийиндерин ийүү иштери жүргүзүлөт.
Аталган иштер шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.
