Депутат: Мамлекеттик жана жеке нотариустардын кызмат бааларын теңдөө керек
«Мамлекеттик каттоо кызматында кезек узун, анын айынан жаңжал көп», – деди депутат Элдар Сулайманов «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында.
Ал ар бир районго Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүн ачууну сунуштады.
«Мамлекеттик каттоо кызматында күн сайын абдан көп адам бар, кезек күткөндөр арасында күн сайын жаңжал чыгат. Бул кызматтын бөлүмдөрүн ар бир районго ачышыбыз керек, ошондо жарандарды сапаттуу тейлөө орун алат», – деди депутат.
Ал ошондой эле элдин баары эмнеге Мамлекеттик каттоо кызматына бараарын мындай түшүндүрдү:
«Жеке нотариустардын кызматы 30 миң сом турат, а мамлекеттик 13 миң сом алат. Ошон үчүн элдин баары Мамкаттоого агылууда. Же бааларды теңдештирүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү, баа окшош болсо, кезек күткөндөр да азаят», – деди ал.
Элдар Сулайманов нотариустардын системасында көйгөй жаралып, дайыма токтоп калаарын, бул маселени чечүүгө Санариптик өнүктүрүү министрлиги көмөктөшүүсү керектигин кошумчалады.
