Жалал-Абадда үч миң орунга ылайыкташкан жаңы мечит ачылды
Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө курулган “Аалым Мусулманкул ажы” атындагы жаңы жума мечитинин ачылышы болду. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ага облус башчысы Тилек Текебаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.
