Бишкек: Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
4 сентябрь

Бишкек: Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

2025-жылдын 6-сентябрынан тарта Фучик көчөсүнүн батыш тарабы – Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Аталган тилкенин чыгыш тарабында эки багытта кыймыл уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын алдын алуу максатында коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.